歌詞和翻譯 - Apakem
— 演唱 Asel Kadyrbekova
“Apakem”歌詞和翻譯。發現誰寫了這首歌。找出誰是這個音樂視頻的製作人和導演。《Apakem》作曲、作詞、編曲、流媒體平台等。“Apakem”是在吉爾吉斯斯坦上演奏的歌曲。 “Apakem”由演唱 Asel Kadyrbekova— 演唱 Asel Kadyrbekova
“Apakem”歌詞和翻譯。發現誰寫了這首歌。找出誰是這個音樂視頻的製作人和導演。《Apakem》作曲、作詞、編曲、流媒體平台等。“Apakem”是在吉爾吉斯斯坦上演奏的歌曲。 “Apakem”由演唱 Asel Kadyrbekova
|
Download New Songs
Listen & stream |
|
Оңой эмес жол басып,
Отурасың ой басып.
Билдим апа, чоң бакыт,
Сенин барың.
Мен деп канча ыйладың,
Жүрөгүңдү кыйнадым,
Бирок апа, сиз бар деп,
Мен сынбадым.
Ыйлап турсам канатына жашырган,
Жашым сүртүп акырын.
Күлүп койсом күндөй болуп ачылган,
Эки дүйнө бакытым.
Кайырма:
Кең дүйнөнү ачып тааныткан,
Айсыз түндө болуп жарык шам.
Караанымды күткөн алыстан,
Менин асыл апакем.
Өмүр бою болуп убара,
Өмүр жолуң келет улана,
Өзүнөн да артык кубана,
Жүргөн асыл апакем.
Тынч албастан мүнөткө,
Турмуш деген күрөштө.
Колдогонуң апаке,
Чын жүрөктө.
Бакыт көлү жаныңда,
Эркелеткен азыр да.
Бейиш төрү апаке,
Таманыңда.
Ыйлап турсам канатына жашырган,
Жашым сүртүп акырын.
Күлүп койсом күндөй болуп ачылган,
Эки дүйнө бакытым.
#АсельКадырбекова #Апакем